Ооганстанда чиновниктерге смартфон колдонууга тыюу салынды (видео)
Ооганстандын жогорку лидери жана талибдердин башчысы молдо Хайбатулла Ахунзада топтун мүчөлөрүнө жана мамлекеттик кызматкерлерге смартфон колдонууга тыюу салган жарлык чыгарды. Бул тууралуу Афганистан Интернешнл билдирди Басылманын маалыматына караганда, анын колунда тиешелүү документ болгон. Анда

Ооганстандын жогорку лидери жана талибдердин башчысы молдо Хайбатулла Ахунзада топтун мүчөлөрүнө жана мамлекеттик кызматкерлерге смартфон колдонууга тыюу салган жарлык чыгарды. Бул тууралуу Афганистан Интернешнл билдирди Басылманын маалыматына караганда, анын колунда тиешелүү документ болгон. Анда тартип бузгандар аскердик сотторго өткөрүлүп берилери айтылган. Алар кандай жазага тартылары айтылган эмес Ошондой эле, Afghanistan International уюмунун маалыматы боюнча, атайын тизме түзүлдү. Анда смартфон колдонууга тыюу салынган ар бир адамдын аты-жөнү, кызматы, иштеген жери, уюлдук оператору жана телефон номери камтылган Кабул Now билдиргендей, жарлык чыккандан кийин социалдык тармактарда талиптердин мүчөсү смартфонун талкалап жаткан видео тарай баштаган Кошумчалай кетсек, Ооганстандын Билим берүү министрлиги студенттерге смартфондорду окуу жайларына алып келүүгө тыюу салган өзүнчө токтом чыгарган Бул чечимдер эмнеге байланыштуу экени айтылган эмес


