Өзбекстандын атаандашынын дүйнөлүк чемпионат алдындагы жолдоштук беттеши болбой калды
Ушул жылдын 9-июнунда Испаниянын Ла-Линеа-де-ла-Консепсион шаарында Конго Демократиялык Республикасы менен Чилинин ортосундагы жолдоштук беттешуу токтотулду. Бул тууралуу Mundo Deportivo билдирди Маалыматка ылайык, шаардын мэри Хуан Франко Конго Демократиялык Республикасындагы Эбола вирусуна байлан

Ушул жылдын 9-июнунда Испаниянын Ла-Линеа-де-ла-Консепсион шаарында Конго Демократиялык Республикасы менен Чилинин ортосундагы жолдоштук беттешуу токтотулду. Бул тууралуу Mundo Deportivo билдирди Маалыматка ылайык, шаардын мэри Хуан Франко Конго Демократиялык Республикасындагы Эбола вирусуна байланыштуу кырдаалдан улам беттешке тыюу салуу чечимине кол койгон Мэр мындай чечим Андалусиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин сунуштарынын жана шаардын медициналык кызматынын корутундусунун негизинде коомдук ден соолук коопсуздугунун көз карашынан алынганын айтты "Биз бул чечимди кабыл алганыбызга өкүнөбүз, анткени матч шаар үчүн маанилүү жана кызыктуу окуя болду. Бирок Конгодогу санитардык абал жана берилген документтер эч кандай коркунуч жок экенине толук кепилдик бербейт. Ошондуктан биз бул чечимди эң туура чечим деп эсептейбиз", - деди Хуан Франко Ошого карабастан Конго ДР курама командасы 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугуна даярдыгын улантууда. Команда үстүбүздөгү жылдын 3-июнунда Бельгиянын Льеж шаарында Дания менен жолдоштук беттеш өткөрөт Маалымат үчүн айта кетсек, Конго ДР курама командасы өз тарыхында экинчи жолу жана 1974-жылдан бери биринчи жолу Дүйнө чемпиондугуна катышат. Конго ДР дүйнө чемпионатын ушул жылдын 17-июнунда Португалияга каршы баштайт. Африкалык тарап тайпалык баскычтын 3-турунда Өзбекстан менен беттешип, беттеш 28-июнга белгиленген


