Москва метросунда таштандыларды видеого тарткан өзбекстандык блогер кармалды (видео)
Москва метросунда чагымчыл видеолорду тартып, социалдык тармактарга тараткан өзбекстандык блогер полиция тарабынан кармалганын Орусиянын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ирина Волк билдирди ИИМ тараткан видеодо блогер сурак учурунда "Мен бул жерде буга уруксат берилбегенин билген эмесми

Москва метросунда чагымчыл видеолорду тартып, социалдык тармактарга тараткан өзбекстандык блогер полиция тарабынан кармалганын Орусиянын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ирина Волк билдирди ИИМ тараткан видеодо блогер сурак учурунда "Мен бул жерде буга уруксат берилбегенин билген эмесмин. Мени кечирип коюңуз" деди Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, блогер атайын Москвага контент түзүү үчүн барган. Ал метродогу жүргүнчүлөрдү чыр-чатакка түртүп, алардын реакциясын видеого тартып, кийинчерээк видеолорду интернетке жарыялаган Блогер Орусиядан чыгып кетүүгө аракет кылып жатканда аэропортто кармалган. Милиция текшерүү иштерин жүргүзүп жатат, алардын жыйынтыгы боюнча процессуалдык чечим чыгарылат Буга чейин өзбекстандык эстрада-ММА мушкери, коомчулукта “Сатурн” деген каймана ат менен таанымал Огабек Абдумуминов социалдык тармактагы баракчасына тараткан видеосу үчүн айыпка жыгылган


