Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Социалисттик Эмгектин Баатыры Тургун Машрапова дуйнеден кайтты. Неролог

Кыргыз Республикасынын айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө зор салым кошкон Социалисттик Эмгектин Баатыры, эмгек ардагери Тургун Машрапова 99 жашында дүйнөдөн кайтты Тургун Машрапова 1928-жылы 16-майда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Ордо айылында туулган. Жаш кезинен тарта эмгек менен алектен

0 көрүүkaktus.media
Социалисттик Эмгектин Баатыры Тургун Машрапова дуйнеден кайтты. Неролог
Paylaş:

Кыргыз Республикасынын айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө зор салым кошкон Социалисттик Эмгектин Баатыры, эмгек ардагери Тургун Машрапова 99 жашында дүйнөдөн кайтты Тургун Машрапова 1928-жылы 16-майда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Ордо айылында туулган. Жаш кезинен тарта эмгек менен алектенип, өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн айыл чарбасына арнаган Эмгек жолун 1945-жылы «Большевик» колхозунда катардагы колхозчу болуп иштөөдөн баштаган. Ал орто билими бар болчу. 1964-жылдан Кыргызстан пахтачылык тажрыйба станциясында пахтачылык бригадасынын бригадири болуп иштеген. Ошол эле жылы КПССтин катарына кабыл алынган Тургун Машрапова башкарган бригада еткен жылдардын ичинде 100 гектар аянттын ар гектарынан орто эсеп менен 26 центнерден пахта жыйнап, планды 109 процентке орундаткан. Пахтаны ендурууну жана мамлекетке сатууну кебейтууде жетишкен зор ийгиликтери, ошондой эле тушум жыйноодо эмгектик каармандыгы учун СССР Жогорку Советинин Президиумунун 1972-жылдын 14-декабрындагы Указы менен Тургун Машраповага «Орок жана Балка» алтын медалын жана Ленин орденин тапшыруу менен Социалисттик Эмгектин Баатыры деген наам ыйгарылган 9-чакырылыштагы СССР Жогорку Советинин депутаты, ошондой эле Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин мучесу болуп шайланган Тургун Машрапованын өмүр жолу келечек муундар үчүн эмгектин, Мекенге берилгендиктин жана бийик адамдык сапаттын жаркын үлгүсү катары түбөлүк кала берет. Анын эмгектеги эц сонун жетишкендиктерин кыргыз эли эч качан унутпайт Тургун Машрапованын жаркын элеси анын үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын, ошондой эле аны тааныган жана урматтаган ар бир адамдын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат Маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана орду толгус жоготуунун кайгысын тең бөлүшөбүз С.Н.Жапаров, М.А.Маматалиев, А.А.Касымалиев, М.А.Сатыев, Э.З.Өскөнбаев, А.К.Койчиев, М.К.Асаналиев, А.Ж.Джумагулов, М.Ш. Шеримкулов, Д.Ж.Амангелдиев, Э.А.Акунбеков, У.Э.Маматканов, М.К.Алиев, Б.А.Ибрагимов, Ж. Таалайбек кызы, А.С.Кадыралиев, А.О.Орозбеков, М.К.Укушов, А.Б.Апсатаров, Н.К.Ташбеков, К.Т.Туманбаев, У.О.Ниязбеков, А.Ж.Джунушалиев, Б.Р.Зулпиев, С.С.Касмамбетов, М.И.Асмамбетов, М.И

Kaynak: kaktus.media

Diğer Haberler