АКШ Өзбекстандын дагы 24 жаранын чартердик рейс менен депортациялады
Өзбекстандын депортацияланган 24 жараны ташыган жаңы чартердик рейс 11-июнда АКШдан Ташкентке келгенин АКШнын Ташкенттеги элчилиги билдирди "Бул учуу Америка Кошмо Штаттары өз чек араларын коргоп жаткан бир катар аракеттердин акыркысы", - деп айтылат билдирүүдө "АКШга мыйзамсыз киргендер түрмөгө

Өзбекстандын депортацияланган 24 жараны ташыган жаңы чартердик рейс 11-июнда АКШдан Ташкентке келгенин АКШнын Ташкенттеги элчилиги билдирди "Бул учуу Америка Кошмо Штаттары өз чек араларын коргоп жаткан бир катар аракеттердин акыркысы", - деп айтылат билдирүүдө "АКШга мыйзамсыз киргендер түрмөгө кесилип, депортацияланат. Америка Кошмо Штаттары Өзбекстандын өкмөтүнө АКШнын депортациялоо операцияларына көмөктөшкөн тыгыз кызматташтыгы үчүн терең ыраазычылык билдирет", - деп кошумчалады дипломатиялык өкүлчүлүк Тышкы иштер министрлигинин «Dunyo» маалымат агенттигинин маалыматына ылайык, мекенине кайтаруу Өзбекстан менен АКШнын тиешелүү органдарынын макулдашуусу аркылуу мүмкүн болду Тараптар зарыл болгон уюштуруу-укуктук жол-жоболорду, анын ичинде жарандардын идентификациясын, документтерди тариздөө жана алардын аман-эсен кайтып келишин камсыздоо боюнча биргелешип иштешти Бул рейс быйылкы эки репатриация операциясынан кийин жасалды. Март айында Өзбекстандын 65 жараны АКШдан, 44ү январь айында келген Бул веб-сайттын материалдарын алдын ала жазуу жүзүндөгү уруксатысыз кайра чыгарууга же таратууга болбойт рахмат. Биз сиздин билдирүүңүздү алдык жана катаны жакында оңдойбуз


