Tenqri
Башкы бет
Экономика

ЕАЭБ өлкөлөрүндө өзүн-өзү азык-түлүк менен камсыздоо деңгээли 94 пайызды түзөт -

ЕАЭБ өлкөлөрүндө өзүн-өзү азык-түлүк менен камсыздоо деңгээли 94 пайызды түзөт. Бул тууралуу Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында Орусиянын вице-премьер-министри Алексей Оверчук билдирди «Биримдикке мүчө мамлекеттерде айыл чарба өндүрүшү реалдуу түрдө дээрлик үчтөн бир эсеге

0 көрүү24.kg
ЕАЭБ өлкөлөрүндө өзүн-өзү азык-түлүк менен камсыздоо деңгээли 94 пайызды түзөт -
Paylaş:

ЕАЭБ өлкөлөрүндө өзүн-өзү азык-түлүк менен камсыздоо деңгээли 94 пайызды түзөт. Бул тууралуу Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында Орусиянын вице-премьер-министри Алексей Оверчук билдирди «Биримдикке мүчө мамлекеттерде айыл чарба өндүрүшү реалдуу түрдө дээрлик үчтөн бир эсеге, өз ара соода жүгүртүү 2,7 эсеге, экспорт 2,5 эсеге өстү», - деди ал Алексей Оверчуктун айтымында, ЕАЭБ таза импортерден азык-түлүктү туруктуу таза экспорттоочуга айланды. Тамак-аш менен өзүн өзү камсыз кылуунун деңгээлине өзгөчө көңүл бурулууда. Бүгүнкү күндө ЕАЭБ продукциянын негизги түрлөрүнө – данга, этке, сүткө, кантка, өсүмдүк майына жана жумурткага болгон негизги керектөөлөрдү толугу менен жабат Алексей Оверчук ошондой эле ЕАЭБдин агрардык секторун өнүктүрүү боюнча узак мөөнөттүү стратегиянын эки негизги артыкчылыктарын белгиледи. Биринчиси, катышуучу мамлекеттердин ички туруктуулугун жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу. Экинчиси, айыл чарба продукциясынын тышкы рынокко активдүү чыгышына шарт түзүү «Бул милдеттер бири-бири менен байланышкан жана бири-бирин толуктап турат», - деп белгиледи Россия Федерациясынын Премьер-министринин орун басары Ал практикалык кадамдардын катарында айыл чарба тармагындагы кооперативдик долбоорлорду каржылоонун улуттар аралык механизмин калыптандырууну атады. 2026-жылдын аягына чейин бардык зарыл болгон ченемдик-укуктук базаны толугу менен калыптандыруу жана мындай долбоорлорду ишке киргизүү пландаштырылууда

Kaynak: 24.kg

Diğer Haberler