ЮНЕП: 2030-жылга чейин океандардын 30 пайызын коргоо максаты алыскы келечек бойдон калууда
БУУнун айлана-чөйрөнү коргоо программасы (ЮНЕП) дүйнөлүк океандарды коргоо тармагында олуттуу жылыштарга жетишкенин жарыялады АЗЕРТА агентствосунун Найробиде жарыялаган маалыматына Караганда, азыр океандардын 10,01 проценти официалдуу турде коргоого алынган аймак катары белгиленген. Бирок 2030-жыл

БУУнун айлана-чөйрөнү коргоо программасы (ЮНЕП) дүйнөлүк океандарды коргоо тармагында олуттуу жылыштарга жетишкенин жарыялады АЗЕРТА агентствосунун Найробиде жарыялаган маалыматына Караганда, азыр океандардын 10,01 проценти официалдуу турде коргоого алынган аймак катары белгиленген. Бирок 2030-жылга чейин океандардын 30 пайызын коргоо боюнча эл аралык коомчулуктун негизги максаты алыскы келечек бойдон калууда. ЮНЕПтин эсептөөлөрү боюнча, бул максатка жетүү үчүн болжол менен Инди океанынын көлөмүнө барабар болгон кошумча деңиз аймагы корголушу керек. Негизи корголуучу аймактарды 10 пайызга жеткирүү максаты 2020-жылы ишке ашуусу керек болчу БУУнун 2025-жылга карата отчетуна ылайык, акыркы жылдарда деңизди коргоо тармагында айрым жылыштар болгонуна карабастан, чаралардын көбү айрым өлкөлөрдүн улуттук сууларын камтыды. Ачык деңиздерде, башкача айтканда, эл аралык сууларда абал татаал бойдон калууда. Ошентип, дүйнөлүк океандардын 60 пайыздан ашыгын түзгөн бул аймактардын 1,6 пайызы гана коргоо статусуна ээ Эксперттердин айтымында, учурдагы көйгөйлөрдүн бири деңиздеги өзгөчө корголуучу аймактардын көбүн эффективдүү башкаруунун жоктугу. Бул жерлерде контроль механизмдеринин начардыгы жана патрулдук иштердин начардыгы коргоо чараларынын эффективдуулугун темендетуп жатат Үстүбүздөгү жылдын январь айында күчүнө кирген БУУнун Ачык деңиздер боюнча конвенциясы океандардын биологиялык ар түрдүүлүгүн коргоого багытталган биринчи глобалдык укуктук документ болуп эсептелет. 20 жылга жакын сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кабыл алынган документ ачык деңиздердеги жана океандардын терең аймактарындагы экосистеманы коргоону карайт. Эксперттердин айтымында, жакынкы жылдарда эл аралык кызматташтыкты чыңдоо жана башкаруунун натыйжалуу механизмдерин ишке ашыруу океандарды коргоо боюнча глобалдык максаттарга жетүү үчүн чечүүчү роль ойнойт 2026 © AZERTAC. Автордук укук корголгон. Маалыматты колдонуу гипершилтеме менен көрсөтүлүшү керек


