Улуттук банк валюта базарына 86 миллион 50 миң доллар сатты
Улуттук банк 8-июнда быйылкы жылдын эсебинен алтынчы жолу интервенция жасап, валюта базарына 86 миллион 50 миң доллар сатты Өлкөнүн негизги банкы акыркы жолу 30-мартта 178 миллион 900 миң доллар саткан. Ага чейин 10-мартта 140 миллион доллар, 19-январда 134 миллион 50 миң доллар, 6-февралда 109 мил

Улуттук банк 8-июнда быйылкы жылдын эсебинен алтынчы жолу интервенция жасап, валюта базарына 86 миллион 50 миң доллар сатты Өлкөнүн негизги банкы акыркы жолу 30-мартта 178 миллион 900 миң доллар саткан. Ага чейин 10-мартта 140 миллион доллар, 19-январда 134 миллион 50 миң доллар, 6-февралда 109 миллион 950 миң доллар жана 27-февралда 162 миллион 550 миң долларды валюта базарына чыгарган Улуттук банк 2025-жылы сегиз интервенция менен чыгып, валюта базарына жалпысынан 853 миллион доллар саткан Өлкөнүн негизги банкы доллардын курсун бир калыпта кармоо үчүн валюталык интервенция жасап турат. Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат. (BTo)


