Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Реконструкциядан кийин Киев көчөсү жеңил унаалар үчүн жеткиликтүү бойдон калат

Бишкек (АКИpress) – Бишкектин Киев көчөсү реконструкциялангандан кийин толугу менен жөө жүргүнчүлөр үчүн болбойт. Бул тууралуу 5-июнда долбоорду коомдук талкуулоо учурунда борбор калаанын вице-мэри Рамиз Алиев билдирди Реконструкция көчөнүн Бейшеналиевадан Ибраимовго чейинки бөлүгүнө таасирин тийг

0 көрүүakipress.org
Реконструкциядан кийин Киев көчөсү жеңил унаалар үчүн жеткиликтүү бойдон калат
Paylaş:

Бишкек (АКИpress) – Бишкектин Киев көчөсү реконструкциялангандан кийин толугу менен жөө жүргүнчүлөр үчүн болбойт. Бул тууралуу 5-июнда долбоорду коомдук талкуулоо учурунда борбор калаанын вице-мэри Рамиз Алиев билдирди Реконструкция көчөнүн Бейшеналиевадан Ибраимовго чейинки бөлүгүнө таасирин тийгизет. Долбоордун бет ачарында катышуучуларга келечектеги жол кыймылын башкаруу схемасы менен видеотасма көрсөтүлдү Долбоорго ылайык, көчөдө төрт тилке болот. Электр автобустары үчүн түндүк тараптан эки тилке бөлүнүп, алар эки тарапка — батыш жана чыгыш тарапка каттайт. Түштүк тарапта дагы эки тилке аралаш кыймылга арналган. Аларды бойлой кыймыл азыркыдай эле чыгыш тарапка жүргүзүлөт Мындан тышкары көчөнүн түштүк тарабында электр автобустары жүрүүчү тилкелер менен тротуардын ортосуна веложолдорду орнотуу пландалууда Долбоордун алкагында көчө бойлой ири көлөмдөгү жашылдандыруу да каралган Реконструкциялоо иштери 2027-жылы башталат.Алиев быйыл жылуулук тармактарын жана жер астындагы түтүктөрдү алмаштыруу иштери башталарын айтты Азия өнүктүрүү банкы реконструкциялоого 5 миллион доллар бөлгөн

Diğer Haberler

Улица Киевская после реконструкции останется доступной для легковых авто | Tenqri