Украинада Су-24М кулап, жабыркагандар бар
Хмельницкий облусунда Украинанын Аскер-аба күчтөрүнө таандык аскердик учак кулады Бул тууралуу Украинанын башкы штабынын "Telegram" каналында билдирүү жарыяланды, деп билдирет Modern.az Билдирүүдө окуя 16-июнь күнү саат 19:00дөр чамасында катталганы айтылат. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Петр Ф

Хмельницкий облусунда Украинанын Аскер-аба күчтөрүнө таандык аскердик учак кулады Бул тууралуу Украинанын башкы штабынын "Telegram" каналында билдирүү жарыяланды, деп билдирет Modern.az Билдирүүдө окуя 16-июнь күнү саат 19:00дөр чамасында катталганы айтылат. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Петр Франко атындагы 7-тактикалык авиациялык бригадасына таандык Су-24М фронттук бомбалоочу учагы Хмельницкий облусунда миссиясын аткарып жатканда кулап түшкөн Кырсыктын кесепетинен учактын экипаж мүчөлөрү - учкуч, майор Богдан Загурлюк жана штурман, улук лейтенант Богдан Бабенко набыт болушкан Учурда куткаруучулар жана укук коргоо кызматкерлери учак кулаган аймакты иликтеп жатышат. Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктан жарандар жабыркаган эмес

