Украина Орусиядагы аэронавигациялык имаратка пилотсуз учак менен чабуул жасады, 13 аэропорт 12-майга чейин жабылды
Орусиянын түштүгүндөгү аэропорттордо каттамдар 12-майга чейин токтотулду Бул тууралуу Орусиянын Аба транспорту федералдык агенттиги-Росавиазия билдирди Ведомство ошондой эле бул мөөнөт кыскартылышы мүмкүн экенин жарыялады Украин армиясы "Түштүк Орусиянын аэронавтикасы" филиалынын административди

Орусиянын түштүгүндөгү аэропорттордо каттамдар 12-майга чейин токтотулду Бул тууралуу Орусиянын Аба транспорту федералдык агенттиги-Росавиазия билдирди Ведомство ошондой эле бул мөөнөт кыскартылышы мүмкүн экенин жарыялады Украин армиясы "Түштүк Орусиянын аэронавтикасы" филиалынын административдик имаратына учкучсуз учак менен кол салды Бул тууралуу Орусиянын Транспорт министрлиги кабарлады Кол салуудан улам Орусиянын түштүгүндөгү 13 аэропорттун иши токтотулган "Астерхан, Владикавказ, Волгоград, Геленчик, Грозный, Краснодар, Махачкала, Магас, Минеральные Воды, Нальчик, Сочи, Ставрополь жана Элиста аэропорттору убактылуу токтотулду", — деп айтылат маалыматта Маалым болгондой, учурда адистер жабдуулардын иштөө абалына баа берип, учуу графигине оңдоолорду киргизүүдө


