Украин армиясы Орусиянын маанилүү мунай инфраструктуралык объектилерине сокку урду
Украинанын Куралдуу күчтөрү Орусиянын Волгоград облусунда жайгашкан мунай иштетүүчү жана ташуу заводуна, ошондой эле Краснодар крайынын Волна конушундагы “Таманнефтегаз” терминалына сокку урду Бул тууралуу "УНИАН" Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабына шилтеме берүү менен билдирди Башкы шта

Украинанын Куралдуу күчтөрү Орусиянын Волгоград облусунда жайгашкан мунай иштетүүчү жана ташуу заводуна, ошондой эле Краснодар крайынын Волна конушундагы “Таманнефтегаз” терминалына сокку урду Бул тууралуу "УНИАН" Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабына шилтеме берүү менен билдирди Башкы штабдын маалыматына караганда, 13-июнга караган түнү украин аскерлери Волгоград облусундагы мунай иштетүүчү жана өткөрүүчү ишканага чабуул коюшкан. Кол салуудан улам ишкананын аймагында катуу өрт чыккан Маалымдалгандай, аталган объект мунайдын даярдалышын, ташылышын жана Орусиянын мунай иштетүүчү ишканаларына жана магистралдык куурлар аркылуу экспорттук инфраструктурасына жеткирүүнү камсыздайт. Объект Коробковское мунай-газ кенинен жана коңшу аймактардагы кендерден алынган мунай иштетүү үчүн да колдонулат Ошол эле учурда украин аскерлери Орусиянын Краснодар аймагында жайгашкан "Таманнефтегаз" мунай жана газ терминалына кол салышкан. Натыйжада мунай продуктуларын сактаган цистерналар, комплекстин инфраструктурасы жана Орусиянын абадан коргонуу системаларынын позициялары жабыркаган Ошол эле маалда Украинанын Коргоо күчтөрү Донецк облусундагы Соледар шаарына жакын жана Запорожье аймагындагы Верхняя Криница конушунун айланасында жайгашкан орус аскерлеринин көзөмөл пункттарына жана топтолгон аймактарына да сокку урду


