Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Украинада Тажикстандын ИИМнин мурдагы офицери каза болду

Украинадагы согушта Тажикстандын Ички иштер министрлигинин мурдагы кызматкери Махмаджон Бозоров набыт болду. "Озоди" радиосу бул тууралуу өз булактарына таянып жазды Маалыматка ылайык, Бозоровдун сөөгү 15-июнда эртең менен Хатлон облусундагы Восеободи Калон айылында жерге берилди. Анын табыты мекен

0 көрүүazattyk.org
Украинада Тажикстандын ИИМнин мурдагы офицери каза болду
Paylaş:

Украинадагы согушта Тажикстандын Ички иштер министрлигинин мурдагы кызматкери Махмаджон Бозоров набыт болду. "Озоди" радиосу бул тууралуу өз булактарына таянып жазды Маалыматка ылайык, Бозоровдун сөөгү 15-июнда эртең менен Хатлон облусундагы Восеободи Калон айылында жерге берилди. Анын табыты мекенине бир күн мурда жеткирилген Журналисттерге белгилүү болгондой, Махмаджон Бозоров Украинадагы согушка Орусиянын армиясынын катарында аралашкан. Ал 2025-жылдын башында дайынсыз жоголгон Ал 2005-жылга чейин Тажикстандын Ички иштер министрлигинин Өзгөчө багыттагы милиция отрядында (ОМОН) кызмат өтөгөн Мындан жети жыл мурда Бозоров жети баласы менен Орусияга көчүп барып, орус жарандыгын алган жана аскердик кызматын уланткан "Озодинин" маалыматында, Украинадагы согушка Орусия тарапта катышкан Тажикстандын жүздөгөн жарандары тууралуу маалыматтар бар. Алардын көбү дайынсыз жоголгон, туткунга түшкөн же каза болгон Тажикстанда жарандарга чет жактагы куралдуу жаңжалдарга аралашууга тыюу салынган. Мындай кадамга баргандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Анткен менен Украинадагы согушка аралашкандарга карата жалданмачылык беренеси боюнча бир да кылмыш ишин козгой элек

Kaynak: azattyk.org

Diğer Haberler