УКМКнын төрагасынын бир орун басары алмашты
Уранбек Шадыбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын орун басары – атайын кызматтын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору кызматынан бошотулду Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгонун “Ынтымак ордо” билдирди Анын орду

Уранбек Шадыбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын орун басары – атайын кызматтын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору кызматынан бошотулду Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгонун “Ынтымак ордо” билдирди Анын ордуна Алмаз Ажыгулов УКМКнын төрагасынын орун басары болуп дайындалды Кызматка жаңы келген жана жумуштан алынган эки адам боюнча ачык булактарда маалымат жок. Уранбек Шадыбеков ушул жылдын февраль айында Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткондон кийин кызматка келген. (BTo)


