"Алар деңиз кыймылына коркунуч келтиришти": Ирандын учкучсуз учактары атып түшүрүлдү
АКШнын куралдуу күчтөрү Ормуз кысыгында кеме жүрүү коркунучун жараткан эки ирандык учкучсуз учакты атып түшүргөнүн өлкөнүн Борбордук командачылыгы (CENTCOM) X социалдык тармагында билдирди "АКШнын Жакынкы Чыгыштагы күчтөрү Ормуз кысыгында эл аралык деңиз кыймылына коркунуч жараткан эки Ирандын бир

АКШнын куралдуу күчтөрү Ормуз кысыгында кеме жүрүү коркунучун жараткан эки ирандык учкучсуз учакты атып түшүргөнүн өлкөнүн Борбордук командачылыгы (CENTCOM) X социалдык тармагында билдирди "АКШнын Жакынкы Чыгыштагы күчтөрү Ормуз кысыгында эл аралык деңиз кыймылына коркунуч жараткан эки Ирандын бир тараптуу учкучсуз учуучу аппаратын атып түшүрүштү", — деп айтылат билдирүүдө CENTCOM АКШнын армиясы согушка даяр жана "Иран агрессиясынан коргонууну улантууга" даяр экенин белгиледи Элдешүүгө карабастан (8-апрелден бери) АКШ менен Иран Ормуз кысыгында бир нече жолу сокку урушкан. Бир күн мурун CNN телеканалы булактарына таянып, ирандык аскерлер Ормуз кысыгына карай бир нече учкучсуз учактарды учурганын кабарлады. CENTCOM кийинчерээк америкалык аскерлер төрт аба бутасын атып түшүрүүгө жетишкенин билдирди. Мындан тышкары, Ирандын аракеттерине жооп иретинде АКШ армиясы Горук жана Кешм аралында Ирандын радарларына чабуул жасады. Басылма бул мындан аркы чабуулдардан коргонуу үчүн зарыл экенин белгилеген
