"Күлкү газды" сатуу боюнча кылмыш жоопкерчилиги: Казакстанда биринчи өкүм чыкты
Казакстандын тургуну күлкү деп аталган газды мыйзамсыз сатканы үчүн сегиз жылга эркинен ажыратылды, деп жазат Polisia.kz Күчтүү заттарды сатуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги 1-январда киргизилген. Алардын тизмесинде күлкү газы деп аталган азот кычкылы да бар. Жыл башынан бери өлкөдө 49 кылмыш иши катта

Казакстандын тургуну күлкү деп аталган газды мыйзамсыз сатканы үчүн сегиз жылга эркинен ажыратылды, деп жазат Polisia.kz Күчтүү заттарды сатуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги 1-январда киргизилген. Алардын тизмесинде күлкү газы деп аталган азот кычкылы да бар. Жыл башынан бери өлкөдө 49 кылмыш иши катталган. Тартип сакчылары 1500дөн ашык баллонду жана эки автоцистернаны кармашты, ошондой эле коңшу мамлекеттен келген «күлкү газ» каналын жок кылышты "Бул фактылардын бардыгы боюнча кылмыш иштери козголуп, күчтүү таасир этүүчү заттарды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча соттун өкүмү күчүнө кирип, ага ылайык кылмышкер сегиз жылга эркинен ажыратылды", — деп айтылат маалыматта Министрлик казакстандыктарга, анын ичинде түнкү оюн-зоок жайларынын ээлерине жана администраторлоруна азот кычкылын сатуу жана таратуу үчүн жоопкерчиликти эскертти Informburo.kz сайтынан тиешелүү темадагы жаңылыктар жана материалдар


