Илимий наам талап кылынбайт: Министрлер кабинети ЖОЖдордун ректорлорун дайындоо тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди
Билим АКИpress - Министрлер кабинети мамлекеттик жогорку окуу жайлардын ректорлорун дайындоо тартибине өзгөртүү киргизди, деп билдирди Илим, жогорку билим жана инновация министрлигинин басма сөз кызматы Жаңы тартипке ылайык, мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилери үчүн окумуштуулук наамга э

Билим АКИpress - Министрлер кабинети мамлекеттик жогорку окуу жайлардын ректорлорун дайындоо тартибине өзгөртүү киргизди, деп билдирди Илим, жогорку билим жана инновация министрлигинин басма сөз кызматы Жаңы тартипке ылайык, мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилери үчүн окумуштуулук наамга ээ болуу милдеттүү талап болбой калды Мында талапкерлердин жогорку билими, илимдин кандидаты же PhD доктору илимий даражасы, ошондой эле беш жылдан кем эмес илимий-педагогикалык стажы болушу керек Маданият жана искусство тармагындагы ЖОЖдор үчүн мурда болгон өзгөчөлүк сакталды. Мындай ЖОЖдордун жетекчилерине илимий даражасы жок, бирок маданият жана искусство тармагында ардактуу наамы бар адамдар дайындала алат Кошумчалай кетсек, киргизилген өзгөртүүлөр саламаттыкты сактоо тармагындагы ЖОЖдорго да тиешелүү


