Баткен районунун тургунунан дээрлик 10 кг гашиш жана ок атуучу курал алынды
«Кыскача маалымат» (АКИpress) - Баткен облусунда мыйзамсыз баңги затын жүгүртүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди Аталган башкармалыктан билдиришкендей, Баткен бажысынын баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Баткен ОИИБдин Баңгизаттар

«Кыскача маалымат» (АКИpress) - Баткен облусунда мыйзамсыз баңги затын жүгүртүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди Аталган башкармалыктан билдиришкендей, Баткен бажысынын баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Баткен ОИИБдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмү менен биргеликте ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүп, анын жүрүшүндө Кыргызстандын жараны А.С.Д. кармалган. 1987-жылы туулган 18-май күнү Кадамжай районунда шектүүдөн спецификалык жыты бар, болжолдуу баңги заты бар 10 таңгак табылып, алынган Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат гашиш болуп чыкты. Баңгизаттын жалпы салмагы 9,9 килограммдан ашык болгон Мындан тышкары, шектүүнүн жашаган жеринен издөөчү иттин жардамы менен тинтүү учурунда эки даана мылтык жана бир даана жылмакай ок атуучу куралдар, ошондой эле 7,62 мм калибрдеги 43 даана гильзалар табылып, алынган Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-ст. Тергөө иштери уланууда


