Кармалган браконьердин жанынан өлтүрүлгөн каман, кыргоол жана элик табылды
Кемин районунун тоолорунан жапайы жаныбарларга мыйзамсыз аңчылык кылган Чүй облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди Дагы жаңылыктар жана видеолор Kaktus.media Telegram каналында Маалым болгондой, кармалган адамдын жанынан жан-жаныбарл

Кемин районунун тоолорунан жапайы жаныбарларга мыйзамсыз аңчылык кылган Чүй облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди Дагы жаңылыктар жана видеолор Kaktus.media Telegram каналында Маалым болгондой, кармалган адамдын жанынан жан-жаныбарлар жана канаттуулар - эки жапайы каман, бир элик, эки кыргоол жана бир кекилик (тоо кекилик) табылган Кармалган адам Кемин райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, андан соң ал өз ыктыяры менен экологияга жана жаныбарлар дүйнөсүнө келтирилген зыян үчүн 212 миң сом өлчөмүндө айып төлөгөн Мындан тышкары, мыйзамсыз колдонулган мергенчилик куралдары Кемин райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп, эреже бузган жарандын өзү үч жылга аңчылык укугунан ажыратылды, деп айтылат маалыматта


