Базар-Коргон суу сактагычынын жанында жер басып алуу фактысы аныкталды
Жалал-Абад облусунун аймагында Базар-Коргон суу сактагычынын аймагындагы жерлерди мыйзамсыз басып алуу жана уруксатсыз иш-аракеттерди аныктоо боюнча рейд өткөрүлдү. Текшерүүнү райондук суу чарба башкармалыгы жергиликтүү бийлик, ӨКМ, милиция жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликт

Жалал-Абад облусунун аймагында Базар-Коргон суу сактагычынын аймагындагы жерлерди мыйзамсыз басып алуу жана уруксатсыз иш-аракеттерди аныктоо боюнча рейд өткөрүлдү. Текшерүүнү райондук суу чарба башкармалыгы жергиликтүү бийлик, ӨКМ, милиция жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте уюштурган Рейдге суу сактагычтын аймагындагы жер тилкелерин мыйзамсыз пайдалануу фактылары себеп болгон. Мамлекеттик органдар мыйзам талаптарынын сакталышын текшерип, аймакты мыйзамсыз өздөштүрүү боюнча эскертишти Демек, суу сактагычтын аймагын уруксаатсыз коммерциялык максатта пайдалануу, жерди өз алдынча басып алуу жана белгиленген режимди бузган башка аракеттерге жол берилбейт Кыргызстандагы негизги экономикалык жаңылыктарга көз салыңыз - Telegram жана WhatsApp тармактарындагы Economist.kg каналдарына жазылыңыз. Биз ошондой эле Facebook, Instagram, Threads жана X тармактарындабыз. Бизге кошулуңуз жана ар дайым эң маанилүү нерселерден кабардар болуңуз!


