Миңдеген Жаңы Зеландиялыктар келе жаткан бороондон улам эвакуацияланды
Жаңы Зеландияда жакындап келе жаткан "Вайану" бороонунан улам Түндүк аралдын бир катар аймактарында өзгөчө кырдаал жарыяланды NOS билдиргендей, бийликтер катуу кыйроо коркунучунан улам миңдеген тургундарды эвакуациялай башташты Жергиликтүү кызматтардын айтымында, шамалдын ылдамдыгы 130 км/саатка

Жаңы Зеландияда жакындап келе жаткан "Вайану" бороонунан улам Түндүк аралдын бир катар аймактарында өзгөчө кырдаал жарыяланды NOS билдиргендей, бийликтер катуу кыйроо коркунучунан улам миңдеген тургундарды эвакуациялай башташты Жергиликтүү кызматтардын айтымында, шамалдын ылдамдыгы 130 км/саатка чейин жетип, жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бороон жакынкы сааттарда жээкке чыгышы болжолдонууда Жээктеги райондордо суунун деңгээли нормадан алты метрге жакын көтөрүлгөнү буга чейин катталган. Айрыкча өлкөнүн эң чоң шаары Окленд аймагында абал оор Метеорологдор сел, жер көчкү жана бийиктиги 13 метрге жеткен толкундар болушу мүмкүн экенин эскертишүүдө. Бийлик тургундарды өзгөчө кырдаалдар кызматынын көрсөтмөлөрүн аткарып, кооптуу аймактарды таштап кетүүгө чакырды Премьер-министр Кристофер Лаксон коомчулук олуттуу кесепеттерге, анын ичинде электр жарыгынын үзгүлтүккө учурашына даяр болушу керектигин айтып, жарандардан коңшуларына жардам берүүнү жана алардын коопсуздугун текшерүүнү суранды Бул өлкөгө таасир эткен биринчи чоң бороон эмес: 2023-жылы Жаңы Зеландия 11 адамдын өмүрүн алып кеткен жана кеңири жайылган суу ташкындары менен жер көчкүлөргө алып келген Габриэль бороонуна кабылган


