Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Турмуштук оор кырдаалдагы балдардын жайкы эс алуусуна канча каражат бөлүнөт?

Бишкек, 08.06.26 /Кабар/. Турмуштук оор кырдаалда турган балдардын жайкы эс алуусун уюштурууга жыл сайын 15 млн сом каражат бөлүнөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Балдарды коргоо башкармалыгынын башчысы Гүлмира Окоева "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" долбоор

0 көрүүkabar.kg
Турмуштук оор кырдаалдагы балдардын жайкы эс алуусуна канча каражат бөлүнөт?
Paylaş:

Бишкек, 08.06.26 /Кабар/. Турмуштук оор кырдаалда турган балдардын жайкы эс алуусун уюштурууга жыл сайын 15 млн сом каражат бөлүнөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Балдарды коргоо башкармалыгынын башчысы Гүлмира Окоева "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" долбоорунун алкагында “Кабар” агенттигине билдирди Анын айтымында, жайкы эс алуу июнь – август айларында уюштурулуп, балдардын тизмесин жылына министрлик менен аймактык башкармалыктар биргеликте түзүшөт Белгилей кетсек, эс алууда ар бир 10 балага бирден социалдык кызматкер бекитилет. Ал эми майыптыгы бар балдарды ата-энелери коштоп жүрүүгө болот “Эс алуу борборлорунда майыптыгы бар балдарга пандустар сыяктуу бардык шарттар каралган. Өлкө аймактарынан келген ар бир 10 балага бирден социалдык кызматкер бекитилет. Андан тышкары, майып балдарды ата-энелери коштоп жүргөнгө укугу бар. Коштогон ата-энелердин, социалдык кызматкерлердин чыгымдары ошол бөлүнгөн 15 млн сомдун ичине кирет. Алдыда, 10-июнь күнү эс алууга биринчи топ балдар кеткени турат. Балдардын коопсуздук маселесине да өзгөчө көңүл бурулган”,- деди Окоева. Өткөн жылы эс алууда бир бала төлөм миң сом болсо, быйыл 1 миң 500 сом болуп жогорулаганы кошумчаланды

Kaynak: kabar.kg

Diğer Haberler