Армениянын Борбордук шайлоо комиссиясы 6 депутаттыкка талапкерди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди
Армениянын Борбордук шайлоо комиссиясы Башкы прокуратурага "Күчтүү Армения" блогунан депутаттыкка талапкер болгон 6 талапкерге кылмыш ишин козгоого уруксат берди, деп жазат армян маалымат каражаттары Кеп Вахе Тавакалян, Хайк Авакян, Вахе Егиазарян, Сюзан Бадоян, Ашот Сахакян, Артур Абрахамян жөнүн

Армениянын Борбордук шайлоо комиссиясы Башкы прокуратурага "Күчтүү Армения" блогунан депутаттыкка талапкер болгон 6 талапкерге кылмыш ишин козгоого уруксат берди, деп жазат армян маалымат каражаттары Кеп Вахе Тавакалян, Хайк Авакян, Вахе Егиазарян, Сюзан Бадоян, Ашот Сахакян, Артур Абрахамян жөнүндө болуп жатат. Армениянын Тергөө комитети өз кезегинде бул адамдарды кармоо боюнча чечим кабыл алынганын билдирди Алар “шайлоочуларды сатып алуу жана өзгөчө ири өлчөмдөгү акчаны адалдоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Иштин алкагында блоктун лидери Самвел Карапетяндын эң жакын санаалаштарынын бири Алик Алексанян буга чейин камакка алынган Арменияда парламенттик шайлоо 7-июнда өтөт, ага 16 партия жана 2 блок катышат


