Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Экологияны санариптештирүү: Кыргызстандын Жаратылыш ресурстар министрлиги үч жаңы маалыматтык системаны түзөт -

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги «Тундук» ААКсы менен үч жаңы автоматташтырылган маалыматтык системаны иштеп чыгуу боюнча келишимдерге кол койду. Санарип долбоорлор мамлекеттик кызматтардын натыйжалуулугун жогорулатууга, экологиялык көзөмөлдү автоматташтырууга жана

0 көрүү24.kg
Экологияны санариптештирүү: Кыргызстандын Жаратылыш ресурстар министрлиги үч жаңы маалыматтык системаны түзөт -
Paylaş:

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги «Тундук» ААКсы менен үч жаңы автоматташтырылган маалыматтык системаны иштеп чыгуу боюнча келишимдерге кол койду. Санарип долбоорлор мамлекеттик кызматтардын натыйжалуулугун жогорулатууга, экологиялык көзөмөлдү автоматташтырууга жана ресурстарды башкарууда толук ачыктыкты камсыздоого багытталган. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди Буга катар эле министрлик Улуттук илимдер академиясы менен келишим түзгөн. Тараптар Кыргызстандын Кызыл китебин жаңылоо боюнча тыгыз кызматташууну макулдашты. Окумуштуулар жана экологдор флора менен фаунанын сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан түрлөрү боюнча маалыматтарды жаңыртууну пландаштырууда «Тундук» ААК менен биргелешкен долбоорлор Жаратылыш ресурстар министрлигинин бирдиктүү санариптик экосистемасын түзүүгө жана уруксат берүүчү документтерди тапшырууда адам факторун толугу менен жокко чыгарат: «Мергенчи» АИС – аңчылык ишмердүүлүгүн автоматташтыруу жана башкаруу үчүн адистештирилген санариптик платформа; «Жашыл Мурас» АИС – бул мамлекеттик экологиялык жана жашыл демилгелерди мониторингдөө, эсепке алуу жана колдоо боюнча маалымат системасы; АИС «Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармап туруу үчүн жыйым» - тоо-кен тармагында финансылык агымдардын ачыктыгын камсыз кылуу жана төлөмдөрдү башкаруу боюнча электрондук кызмат Ачык санариптик экосистеманы түзүү мамлекеттик кызматтарды алууда бизнестин чыгымдарын азайтат, экологияны башкаруу чөйрөсүндөгү көмүскө механизмдерди жокко чыгарат жана өлкөнүн тоо-кен тармагынын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатат, деп белгиледи ведомство

Kaynak: 24.kg

Diğer Haberler