Мунайдын баасы 100 долларга чейин төмөндөдү
Brent үлгүсүндөгү мунайдын баасы бүгүн, 6-майда соода учурунда 9%га - баррелине 100 доллардан төмөн түштү, деп жазат Meduza Соода учурунда ICE Futures боюнча июлдагы Brent фьючерстеринин баасы баррелине 99,84 долларга чейин төмөндөдү, андан кийин ал турукташып, 100 доллардын тегерегинде соодаланды

Brent үлгүсүндөгү мунайдын баасы бүгүн, 6-майда соода учурунда 9%га - баррелине 100 доллардан төмөн түштү, деп жазат Meduza Соода учурунда ICE Futures боюнча июлдагы Brent фьючерстеринин баасы баррелине 99,84 долларга чейин төмөндөдү, андан кийин ал турукташып, 100 доллардын тегерегинде соодаланды РБК белгилегендей, АКШ менен Иран согушту токтотуу боюнча келишимге жакындады деген кабарды базар ушундай кабыл алды Аксиостун айтымында, АКШ менен Иран Жакынкы Чыгыштагы согуштун аякташына жана Ирандын өзөктүк программасы боюнча мындан аркы сүйлөшүүлөрдүн негизин түзө турган кыскача меморандумду түзүүгө аз калды. Ак үй Иран жакынкы 48 сааттын ичинде меморандумдун негизги жоболору боюнча өз жообун берет деп күтөт. Бирок азырынча акыркы келишимдер жок Эске сала кетсек, Ормуз кысыгы кагылышуу башталгандан бери иш жүзүндө жабылгандыктан, мунай рыногу АКШнын Иран менен согушу тууралуу жаңылыктарга активдүү реакция жасоодо. Согуштук аракеттер башталганга чейин дүйнөдөгү мунайдын бештен бир бөлүгү ал аркылуу өткөн. Согуш учурунда мунайдын баасы баррелине 120 доллардан ашкан


