"Бүтүндөй бир цивилизация бүгүн түнү өлөт" - Трамп Иранды коркутууну улантууда
АКШнын президенти Дональд Трамп резонанстуу билдирүү жасап, анда мүмкүн болуучу глобалдык өзгөрүүлөрдү, ал тургай бүтүндөй цивилизациянын өлүмүн кыйытты, деп жазат Orda.kz Америкалык лидердин айтымында, дүйнө жакынкы келечекте радикалдуу окуялардын босогосунда болушу мүмкүн. Ал окуялардын мындай ө

АКШнын президенти Дональд Трамп резонанстуу билдирүү жасап, анда мүмкүн болуучу глобалдык өзгөрүүлөрдү, ал тургай бүтүндөй цивилизациянын өлүмүн кыйытты, деп жазат Orda.kz Америкалык лидердин айтымында, дүйнө жакынкы келечекте радикалдуу окуялардын босогосунда болушу мүмкүн. Ал окуялардын мындай өнүгүшүн каалабай турганын, бирок муну ыктымал деп эсептей турганын баса белгиледи Мындан тышкары, АКШ президенти болуп жаткан окуяларды "дүйнөнүн узак жана татаал тарыхындагы эң маанилүү учур" деп атады. Ал ошондой эле көп жылдарга созулган көйгөйлөр, анын пикири боюнча, аягына чыгып жатканын кошумчалады Буга чейин Иран Вашингтондун АКШ жана Израил менен болгон жаңжалда ок атышууну токтотуу сунушун четке какканын кабарлаганбыз
.webp&w=2048&q=70)

