Трамптан Шарага болгон кызыктуу ишарат: Биздин жолугушуу жагымдуу жыт калтырды
АКШнын президенти Дональд Трамптын Ак үйдөгү жолугушууда Сириянын мамлекет башчысы Ахмед Шарага атыр белек кылып, чачканынан кийин кызуу темага айланган жолугушуунун кесепеттери уланууда. Трамп Шарага эки жаңы бөтөлкө атыр жибергени белгилүү болду Ахмед Шара Трамп жөнөткөн белектерин социалдык меди

АКШнын президенти Дональд Трамптын Ак үйдөгү жолугушууда Сириянын мамлекет башчысы Ахмед Шарага атыр белек кылып, чачканынан кийин кызуу темага айланган жолугушуунун кесепеттери уланууда. Трамп Шарага эки жаңы бөтөлкө атыр жибергени белгилүү болду Ахмед Шара Трамп жөнөткөн белектерин социалдык медиа платформасы X эсебинде бөлүшүп, таң калыштуу билдирүүлөрдү жасады Шара өзүнүн билдирүүсүндө: "Кээ бир жолугушуулар из калтырат, биздики жагымдуу жыт калтырды окшойт" деди Трампка ыраазычылык билдирген Шара : «Урматтуу президент Дональд Трамп, берешендигиңиз жана бул баалуу белекти жаңылаганыңыз үчүн рахмат. Ал жолугушуунун руху Сирия менен АКШнын ортосундагы дагы күчтүү карым-катнашты түзүүнү уланта берсин»,-деди Трамп жөнөткөн атырларды коштогон нота да социалдык медиада тренд темасына айланды. Катта "Ахмед, бул сонун атырды тартуулап жатканыбызда тарткан сүрөтүбүз тууралуу баардыгы сүйлөшүп жатышат. Сатып кетсе дагы бир аз жибердим" деп жазылган Трамп менен Шаранын чын ыкластуу диалогу жана жыпар жыттуу белек тез арада социалдык тармактарда көпчүлүктүн көңүлүн бурду


