Трамп: Израиль-Ливан ок атышпоо үч жумага узартылды
АКШнын президенти Дональд Трамп Израил менен Ливан ортосундагы ок атышпоонун дагы үч аптага узартылганын жарыялады Ок атышууну токтотуу 26-апрелде аяктаган Дональд Трамп, Truth Social социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүндө ок атышпоонун узартылышы боюнча чечимдин эки өлкөнүн расмийлеринин

АКШнын президенти Дональд Трамп Израил менен Ливан ортосундагы ок атышпоонун дагы үч аптага узартылганын жарыялады Ок атышууну токтотуу 26-апрелде аяктаган Дональд Трамп, Truth Social социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүндө ок атышпоонун узартылышы боюнча чечимдин эки өлкөнүн расмийлеринин Ак үйдүн Овал кеңсесинде болгон жолугушуусунан кийин алынганын айтты Трамп АКШнын вице-президенти Ж.Д.Вэнс жана мамлекеттик катчы Марко Рубио катышкан жолугушуу «абдан жакшы өттү» деп билдирди "Америка Кошмо Штаттары Ливан менен иштешип, Ливанды Хезболладан коргоого жардам берет" деди Трамп Овал кеңсесиндеги жолугушууну «тарыхый» деп сыпаттаган жана жолугушуунун бир бөлүгү болуу «чоң сыймык» болгонун белгилеген Трамп, алдыдагы апталарда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен Ливандын президенти Жозеф Аунду Ак үйдө коноктоорун чыдамсыздык менен күткөнүн айтты Трамп кийинчерээк Вэнс менен Рубионун коштоосунда Овал кеңсесинде журналисттерге, ошондой эле АКШнын Ливандагы жана Израилдеги элчилери жана бул өлкөлөрдүн Вашингтондогу элчилери үчүн билдирүү жасады Аун жана Нетаньяху тууралуу Трамп: «Алардын ойлоно турган Хезболла маселеси бар»,-деп, эки лидер менен «Ливандагы иштерди оңдоп-түзөө үчүн» иштешээрин айтты "Мен муну Иранда кылып жаткан иштерибиз менен бир убакта чечүү абдан жакшы болот деп ойлойм" деди Трамп Би-Би-Синин суроолоруна жооп берген Трамп, Иранга каршы коркутуулары тууралуу: «Мен эмне кылсам да абдан жакшы иштеп жатат окшойт»,-деп айтты жана журналисттерге берген билдирүүсүндө, «согушту толугу менен токтотуу үчүн эч кандай кысымга кабылбаганын жана Иран менен эң жакшы келишимди түзүүнү каалаганын» айтты Бир тараптан АКШнын вице-президенти Ж.Д.Вэнс Израил менен Ливандын ортосундагы ок атышпоонун үч жумага узартылышын «чоң, тарыхый учур» деп мүнөздөдү «Албетте, бул Президенттин тузден-туз кийлигишуусу болбосо ишке ашмак эмес», — деди Вэнс Ливандын АКШдагы элчиси Нада Хамаде Моавад, Израилдин АКШдагы элчиси Йечил Лейтер жана АКШнын Израилдеги элчиси Майк Хакаби Трампты сүйлөшүүлөрдөгү ролу үчүн макташты Йечиел Лейтер: "Урматтуу президент, сиздин жетекчилигиңизде Иран ушунчалык алсырагандыктан, "Хезболланы" алсыратып, Ливанды алардын оккупациясынан сактап калуу мүмкүнчүлүгү реалдуу болуп калды", - деди Лейтер ошондой эле Израил менен Ливан Ливанды “Хезболла деп аталган жаман таасирден” арылтуу максатында бирдиктүү экенин айтты Майк Хакаби Хезболланы "кошуналардын терезесине таш ыргыткан балага" салыштырды "Бул баланы токтотуу мүмкүн болгондо, Ливан жана Израил сыяктуу башка коңшулар тынчтыкта жашай алышат" деди Хакаби Израил менен Ливандын расмий өкүлдөрү айдын башында Ак үйдө сүйлөшүүлөрдү башташкан Бул Израил менен Ливандын 1993-жылдан берки биринчи түз сүйлөшүүлөрү болду Израил аскерлери Ливандын түштүгүнүн айрым бөлүктөрүн басып алууну улантып жаткан маалда "Хезболла" Вашингтондогу сүйлөшүүлөргө каршы чыккан Сүйлөшүүлөр башталардан бир аз мурда Хизболла Израилдин түндүгүнө жаңы ракеталык чабуулдарды жарыялады АКШ, Израиль жана Ливандагы көптөгөн топтор куралдуу уюм жана өлкөнүн алдыңкы саясий партияларынын бири болгон Хезболланын куралсыздандырылышын көптөн бери каалап келишет Ливандын борбору Бейрутта Би-Би-Сиге берген маегинде Хизболланын жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн бири Вефик Сафа уюм эч качан куралын таштабай турганын айтты Сафа: «Хезболланы эч ким куралсыздай албайт» деди


