Трамп: "Ирандын жообу таптакыр кабыл алынгыс"
Американын согушту токтотуу сунушуна Ирандын жообуна байланыштуу АКШнын президенти Дональд Трамп : "Ирандын "өкүлдөрү" деп аталгандардын жообун окудум. Мага такыр жаккан жок. Бул таптакыр кабыл алынгыс нерсе",- деди АКШнын президенти Дональд Трамп Тегеран администрациясынын АКШнын согушту токтотуу

Американын согушту токтотуу сунушуна Ирандын жообуна байланыштуу АКШнын президенти Дональд Трамп : "Ирандын "өкүлдөрү" деп аталгандардын жообун окудум. Мага такыр жаккан жок. Бул таптакыр кабыл алынгыс нерсе",- деди АКШнын президенти Дональд Трамп Тегеран администрациясынын АКШнын согушту токтотуу сунушуна берген жообуна байланыштуу билдирүү жасады. Трамп, Пакистан аркылуу АКШ тарапка жөнөтүлгөн жоопко байланыштуу социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө: «Ирандын «өкүлдөрү» делген жообун жаңы эле окудум. Мага такыр жаккан жок. Бул таптакыр кабыл алынгыс»,- деди Бир тараптан АКШ басма сөзүндө Ирандын жообунун детальдары тууралуу таң калыштуу ырастоолорду жасады. Америкалык Wall Street Journal гезитинин жазганына караганда, эгер АКШ Ирандын кемелери менен портторун блокададан чыгарса, Иран Ормуз кысыгын акырындык менен ачууну сунуш кылганын жарыялады. Ирандын АКШга берген “көп беттик расмий жообунда” талаптарын кеңири баяндаганы жана эки тараптын ортосунда дагы эле олуттуу пикир келишпестиктер бар экени белгиленди Wall Street Journal жазгандай, Ирандын жообу АКШнын Ирандын өзөктүк программасынын келечеги жана анын өтө байытылган уран кампасынын тагдыры боюнча алдын ала милдеттенме алуу талабына жооп берген жок. Анын ордуна Иран согуштук аракеттерди токтотууну жана АКШнын ирандык кемелер менен порттордун блокадасын алып салышы үчүн Ормуз кысыгын коммерциялык жүк ташуу үчүн акырындык менен ачууну сунуш кылды Объектилерди жоюу четке кагылган Гезитте Иран уранды байытууну АКШ сунуш кылган 20 жылдык мораторийден да кыска мөөнөткө токтотууга даяр экенин билдирген. Экинчи жагынан, ал өзөктүк объектилерин жок кылуудан баш тартты Иран басмасы: Санкцияларды алып салуу талап кылынды Иран басма сөзүнүн маалыматына караганда, Тегеран администрациясы АКШга сунуштаган долбоордун текстинде АКШнын санкцияларынын жоюлушу зарылчылыгы баса белгиленди. Ошондой эле текстте биринчи келишимге кол коюлгандан кийин Иранга каршы деңиз блокадасынын токтотулушу керектиги айтылды Ирандык басма сездун билдиргенине Караганда, бул сунушта согушту дароо токтотуу талап кылынган жана Иранга каршы эч кандай жаны чабуул болбой тургандыгын кепилдеген. Согуштун бардык фронттордо бүтүшү керектигин баса белгилеген сунушта Ирандын мунай сатууларына киргизилген санкциялардын 30 күндүн ичинде жоюлушу талабы да орун алды. -ВАШИНГТОН
Diğer Haberler

Латвиянын коргоо министри учкучсуз учактын кыйрашынан улам кызматтан кетти
Тегеран администрациясынын АКШнын согушту токтотуу сунушуна берген жообуна байланыштуу АКШ президенти Дональд Трамп: «Бул мага такыр жакпайт, бул таптакыр кабыл алынгыс»,- деди
