Түркиянын аскердик чыгымдары 30 миллиард долларга жетти
Уланбай жаткан согуштардын таасири жана геосаясий белгисиздиктердин күчөшү менен 2025-жылы глобалдык аскерий чыгымдар реалдуу түрдө жыл сайын 2,9 пайызга өсүп, 2 триллион 887 миллиард доллар менен рекорд жаңырат Стокгольм эл аралык тынчтыкты изилдөө институту (SIPRI) 2025-жылга карата дүйнөлүк аск

Уланбай жаткан согуштардын таасири жана геосаясий белгисиздиктердин күчөшү менен 2025-жылы глобалдык аскерий чыгымдар реалдуу түрдө жыл сайын 2,9 пайызга өсүп, 2 триллион 887 миллиард доллар менен рекорд жаңырат Стокгольм эл аралык тынчтыкты изилдөө институту (SIPRI) 2025-жылга карата дүйнөлүк аскердик чыгашалар боюнча отчету менен бөлүштү 2025-жылы уланып жаткан согуштардын таасири жана геосаясий белгисиздиктин күчөшү менен глобалдык аскердик чыгымдардын 11-жолу катары менен өсүп, рекорд жаратып, 2 триллион 887 миллиард долларга жетээри билдирилип, дүйнөлүк ички дүң продукциядагы аскердик чыгымдардын үлүшү 220 пайыздан бери эң жогорку деңгээлге жеткени баса белгиленди АКШ, Кытай, Орусия, Германия жана Индия өткөн жылы эң көп аскерий чыгаша жасаган беш өлкө болсо, бул өлкөлөрдүн чыгашалары дүйнөлүк аскерий чыгымдардын 58 пайызын түздү ТҮРКИЯНЫН АСКЕРДИК ЧЫГЫМДАРЫ 7,2 ПРОЦЕНТКЕ КӨБӨЙТҮ SIPRI отчетунда Түркиянын коргонуу бюджетинин көзгө басарлык өсүшү жана стратегиялык трансформациясы маалыматтар менен ортого салынды Отчетто Түркиянын аскердик чыгымдарынын өткөн жылга салыштырмалуу 7,2 пайызга өсүп, 30 миллиард долларга жеткени белгиленди. Өлкөнүн аскердик чыгымдары 2025-жылы 2016-жылга салыштырмалуу 94 пайызга өскөндүгү айтылды Отчетто : «Түркиянын аскердик чыгымдарынын көбөйүшүнүн негизги кыймылдаткыч күчү баарыдан мурда ички курал-жарак өнөр жайына жасалган инвестиция. Түрк коргонуу өнөр жайын колдоо үчүн түзүлгөн атайын фондго бөлүнгөн үлүш өткөн жылга салыштырмалуу 25 пайызга көбөйүп, Түркиянын 2025-жылдагы жалпы аскердик чыгымдарынын 22 пайызын түздү»,-деп билдирилди


