Түркия, Азербайжан жана Грузиянын ортосунда Стамбул декларациясына кол коюлду
Түркия, Азербайжан жана Грузиянын ортосундагы үч тараптуу кызматташтык механизминин маанилүү звеносу болгон Түркия-Азербайжан-Грузия үч тараптуу тышкы иштер министрлеринин 10-жыйыны Стамбулда өттү. Чыраган сарайында өткөрүлгөн маанилүү саммиттин аякташы менен үч өлкөнүн ортосунда стратегиялык мааниг

Түркия, Азербайжан жана Грузиянын ортосундагы үч тараптуу кызматташтык механизминин маанилүү звеносу болгон Түркия-Азербайжан-Грузия үч тараптуу тышкы иштер министрлеринин 10-жыйыны Стамбулда өттү. Чыраган сарайында өткөрүлгөн маанилүү саммиттин аякташы менен үч өлкөнүн ортосунда стратегиялык мааниге ээ болгон «Стамбул декларациясына» расмий кол коюлду Саммиттин программасы лидерлердин эки тараптуу жолугушуулары менен башталды. Жолугушуунун алкагында тышкы иштер министри Хакан Фидан кесиптештери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Жолугушуулардан кийин делегациялардын катышуусунда салтка айланган сүрөткө түшүп, андан соң башкы жыйындар залына өтүштү Чыраган сарайында бир саатка жакын созулган үч тараптуу жолугушуу аяктагандан кийин министрлер биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүп, маалымат каражаттарынын алдына чыгышты. Маалымат жыйынынын соңунда кол коюу аземи болду. Тышкы иштер министри Хакан Фидан; Грузиянын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Мака Ботчоришвили менен Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов үч өлкөнүн ортосундагы келишимди символдоштурган Стамбул декларациясына биргелешип кол коюшту


