Түркия боордош Кыргызстандын БУУдагы ишмердүүлүгүн толук колдойт — депутат
Бишкек, 06.04.26. /Кабар/. Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты – АК партиянын Түрк мамлекеттери менен байланыштар боюнча төрагасы Куршад Зорлу Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчө болуп шайланышы менен куттуктады Ал өз куттуктоосунда өлкөнүн бул ийгилиги түрк дүйнөсүнүн

Бишкек, 06.04.26. /Кабар/. Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты – АК партиянын Түрк мамлекеттери менен байланыштар боюнча төрагасы Куршад Зорлу Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчө болуп шайланышы менен куттуктады Ал өз куттуктоосунда өлкөнүн бул ийгилиги түрк дүйнөсүнүн дүйнөлүк аренадагы таасиринин күчөгөнүнүн далили экенин белгиледи Ошондой эле Түркия тарап Кыргызстандын бул жооптуу миссиясын толук колдой турганын билдирип, боордош өлкөнүн дипломатиялык иштерине ийгиликтерди каалады


