Түркия-Азербайжан-Грузия тышкы иштер министрлеринин үч тараптуу жолугушуусу болот
Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан эртең Стамбулда Түркия-Азербайжан-Грузия тышкы иштер министрлеринин 10-жыйынына катышат Бул тууралуу Түркиянын Тышкы иштер министрлигиндеги булактарына таянуу менен «Haber Global» басылмасы жазып чыкты Маалыматка ылайык, Хакан Фидан, Азербайжандын тышкы

Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан эртең Стамбулда Түркия-Азербайжан-Грузия тышкы иштер министрлеринин 10-жыйынына катышат Бул тууралуу Түркиянын Тышкы иштер министрлигиндеги булактарына таянуу менен «Haber Global» басылмасы жазып чыкты Маалыматка ылайык, Хакан Фидан, Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов жана Грузиянын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Мака Бочоришвили катыша турган жолугушууда үч өлкөнүн учурдагы кызматташтыгы каралып, алдыдагы мезгилдеги биргелешкен ишмердүүлүк багыттары талкууланат Маалым болгондой, жолугушуунун күн тартибиндеги негизги темалар аймактык процесстер, тышкы саясат маселелери жана Түштүк Кавказдагы кызматташтык, транспорт, аймактык транзиттик түйүндөрдү бекемдөө жана энергетикалык коопсуздук, соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү болуп саналат


