Түрк дүйнөсү менен Ислам дүйнөсүнүн баалуулуктары орток
Түрк дүйнөсүнүн бай мурасы ислам цивилизациясынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Түрк таануу жана ислам таануу жаатындагы изилдөөлөр бири-бирин толуктап, эл аралык илимий кызматташтыкты тереңдетүүгө чоң салым кошту. Стамбулда жолугушкан Түрк академиясы менен Ислам тарыхын, искусствосун жана маданият

Түрк дүйнөсүнүн бай мурасы ислам цивилизациясынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Түрк таануу жана ислам таануу жаатындагы изилдөөлөр бири-бирин толуктап, эл аралык илимий кызматташтыкты тереңдетүүгө чоң салым кошту. Стамбулда жолугушкан Түрк академиясы менен Ислам тарыхын, искусствосун жана маданиятын изилдөө борборунун илимпоздору ушундай пикирин билдиришти. Жолугушууда Түрк академиясы менен Ислам тарыхын изилдөө борборунун орток маданий мурастарды изилдөөгө багытталган биргелешкен долбоорлорун ишке ашыруу маселеси талкууланды. Жыйында окумуштуулар Түрк академиясы ишке ашырып жаткан долбоорлор менен тааныштырышты. Ошондой эле 1926-жылы Бакуда түркологиянын түптөлүшүнө байланыштуу көргөзмө уюштурулган


