Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Кыргызстандын үч бал өндүрүүчүсү Акчабарда Евробиримдиктин рыногуна чыгууга мүмкүнчүлүк алды

Ветеринария, мал чарба, жайыттарды жана тоюттарды өнүктүрүү кызматы табигый балды өндүрүү жана кайра иштетүү менен алектенген үч ата мекендик ишкананы Европа Бирлигинин TRACES (Соода контролу жана Эксперттик Система) программасына киргизгендигин билдирет Бул жетишкендик ветеринардык көзөмөлдүн улу

0 көрүүakchabar.kg
Кыргызстандын үч бал өндүрүүчүсү Акчабарда Евробиримдиктин рыногуна чыгууга мүмкүнчүлүк алды
Paylaş:

Ветеринария, мал чарба, жайыттарды жана тоюттарды өнүктүрүү кызматы табигый балды өндүрүү жана кайра иштетүү менен алектенген үч ата мекендик ишкананы Европа Бирлигинин TRACES (Соода контролу жана Эксперттик Система) программасына киргизгендигин билдирет Бул жетишкендик ветеринардык көзөмөлдүн улуттук системасын Европа биримдигинин талаптарына шайкеш келтирүү боюнча ырааттуу иштердин натыйжасы болду. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Европа Биримдигинин өлкөлөрүнө балды экспорттоо укугун расмий таануу өлкөнүн экспорттук потенциалын кеңейтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты Ишканаларды TRACES системасына киргизүү Европа Биримдигинин рыногуна жаныбарлардан алынган продукцияны жеткирүүнү уюштуруудагы маанилүү кадам болуп саналат. Система продукцияга байкоо жүргүзүүнү, ветеринардык документтердин туура жол-жоболоштуруусун, ошондой эле Европа Бирлигинин ветеринардык-санитардык талаптарынын сакталышын көзөмөлдөөнү камсыздайт Кыргыз балы үчүн Европа рыногун ачуу ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, балчылык тармагын өнүктүрүүгө, экспорттук потенциалды жогорулатууга жана Кыргыз Республикасынын экологиялык таза жана табигый продукциясын эл аралык деңгээлде илгерилетүүгө өбөлгө түзөт Ветеринария, мал чарба, жайыт жана тоют өнүктүрүү кызматы ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн эл аралык рынокко чыгуусуна колдоо көрсөтүү, ошондой эле эл аралык талаптарга ылайык продукциянын коопсуздугун жана сапатын камсыз кылуу боюнча ишин улантат. Кабардар болуңуз! Биздин Telegramга жазылыңыз

Kaynak: akchabar.kg

Diğer Haberler