Трамп Обаманы камоого чакырды
Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп АКШнын мурдагы лидери Барак Обаманы камакка алууга чакырды. Бул тууралуу Ак үйдүн азыркы жетекчиси Truth Social социалдык тармагына жазды Буга АКШнын мурдагы президенти жана ФБРдин экс-директорунун Орусиянын АКШдагы президенттик жарышка болжолдуу т

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп АКШнын мурдагы лидери Барак Обаманы камакка алууга чакырды. Бул тууралуу Ак үйдүн азыркы жетекчиси Truth Social социалдык тармагына жазды Буга АКШнын мурдагы президенти жана ФБРдин экс-директорунун Орусиянын АКШдагы президенттик жарышка болжолдуу таасири тууралуу ойлоп чыгарганы себеп болгон "ЦРУнун жана ФБРдин жыйырма кызматкери Обамага саясий бомба ташташты, бул Барак Обама менен ЦРУнун мурдагы директору чалгындоо маалыматтарын манипуляциялоо жолу менен президент Трамптын шайланышын дискредитациялоо үчүн ЦРУнун сактагычында дээрлик он жыл бою сакталып келген жасалма Орусия окуясын ойлоп табышканын тастыктады", - деп жазды Дональд Трамп Эске салсак, ушул жылдын февраль айында АКШ президенти да ушундай чакырык менен кайрылган. Андан кийин Ак үйдүн башчысы мурдагы мамлекет башчысын 2016-жылдагы шайлоо учурунда Демократиялык партиядан президенттикке талапкерге каршы Трамп-Орусия макулдашуусу боюнча жалган далилдерди жасоо үчүн ЦРУга жеке өзү жашыруун буйрук берген деп айыптады


