Трамп Путин тууралуу талашка чекит койду - жаңыланды 19:40
АКШнын президенти Дональд Трамп, Financial Times гезитинин Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин ага орус президенти Владимир Путиндин Украинага басып киргенине өкүнөрүн айткан деген маалыматын четке какты "Жок. "Ал эч качан мындай деп айткан эмес", - деп жооп берди Трамп журналисттин тиешелүү суроосуна

АКШнын президенти Дональд Трамп, Financial Times гезитинин Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин ага орус президенти Владимир Путиндин Украинага басып киргенине өкүнөрүн айткан деген маалыматын четке какты "Жок. "Ал эч качан мындай деп айткан эмес", - деп жооп берди Трамп журналисттин тиешелүү суроосуна Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Го Цзякун Financial Times басылмасына Кытай лидери Си Цзиньпиндин орус лидери Владимир Путинге карата сөздөрүн четке какты Цзякун макала «фактыларга карама-каршы келет жана таза фантастика» деп белгиледи Financial Times гезитинин жазганына караганда, Кытай лидери АКШнын президенти Дональд Трамп менен сүйлөшүүсүндө Путин Украинага толук масштабдуу басып алуу чечимине өкүнүп калышы мүмкүн экенин айткан Кытай лидери Си Цзиньпин Пекинде АКШ президенти Дональд Трамп менен сүйлөшүүдө Владимир Путин Украинага кол салуу чечимине “өкүнүчү” болушу мүмкүн экенин айтканын Financial Times (FT) маалымат булактары билдирди Алардын айтымында, Кытай лидери бул тууралуу орус-украин согушун талкуулоо учурунда айткан, ал эми буга чейин президент Джо Байден менен «ачык жана түз» сүйлөшүүдө Путин жана болуп жаткан аскерий жаңжал тууралуу эч качан пикирин билдирген эмес Си Цзиньпиндин комментарийлери Орусиянын Украинага каршы согушу төрт жылдан кийин токтоп, Киев орус аскерлерине жана өлкөнүн ичиндеги буталарга сокку урууда учкучсуз учактарды колдонууда натыйжалуураак болуп калган учурга туш келди, деп белгилейт FT. Трамптын администрациясы жекшемби күнү, 17-майда Пекиндеги саммит тууралуу отчетун жарыялады, бирок эки лидердин орус-украин согушун талкуулаганы тууралуу сөз болгон жок Путин Украинага чабуул коюуну 2022-жылдын февраль айында Кытайга жасаган сапарынан үч жума өткөндөн кийин чечкен жана ал Си Цзиньпин менен “чектөөсүз өнөктөштүк” тууралуу жарыялаган. Буга чейин АКШ Кытайды Орусияга Москвага Киевге каршы аскерий операцияларды жүргүзүүгө жардам берген кош максаттуу буюмдарды берип жатат деп бир нече жолу айыптаган. Пекин Москваны колдоону четке кагууда Ал арада Путин 19-20-май күндөрү Кытайга расмий сапар менен бармакчы. Ал Бээжинге Трамптан бир нече күндөн кийин келет. Сапар алдында Путин Кытайга “эбактан берки жакшы досу” Си Цзиньпиндин чакыруусу менен келерин жана визиттин өзү Москва менен Пекиндин ортосундагы жакшы коңшулук, достук жана кызматташтык келишимине кол коюлганынын 25 жылдыгына туш келээрин айтты «Орус-кытай тыгыз стратегиялык байланышы дүйнөлүк аренада маанилүү турукташтыруучу ролду ойнойт. Ошол эле учурда биз эч кимге каршы дос эмеспиз, тескерисинче, тынчтык жана жалпы гүлдөп-өнүгүү үчүн аракет кылып жатабыз”,-деди Путин.Эки күндүк сапарда саясат, экономика, коргонуу жана гуманитардык алмашуу темалары көтөрүлөрүн тактап, эки тараптуу 40ка жакын документке кол коюлары күтүлүүдө

