Трамп поляктар менен молдовандар туткундан бошотулганын жарыялады
АКШнын президенти Дональд Трамп Орусия менен Беларуста Польшанын үч жана Молдованын эки жаранын бошотууга макул болгонун билдирди "Биз азыр эле Польшанын үч жараны менен Молдованын эки жаранын бошотуу боюнча макулдаштык. Алар Беларуста жана Орусияда темир тор артында отурушкан", - деп жазды Трамп

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусия менен Беларуста Польшанын үч жана Молдованын эки жаранын бошотууга макул болгонун билдирди "Биз азыр эле Польшанын үч жараны менен Молдованын эки жаранын бошотуу боюнча макулдаштык. Алар Беларуста жана Орусияда темир тор артында отурушкан", - деп жазды Трамп Truth социалдык тармагында Америка президенти өзүнүн атайын өкүлү Жон Коулга бул натыйжага жетишүү үчүн ыраазычылык билдирди: "Менин президенттик атайын өкүлүм Жон Коулга рахмат, биз бул боштондукка чыгуу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшай алдык" Трамп Беларустун президенти Александр Лукашенкого ыраазычылык билдирди: "Президент Александр Лукашенкого кызматташтыгы жана достугу үчүн рахмат. Бул абдан жагымдуу"


