Трамп Орусия менен Украинанын жоготуулары боюнча
АКШнын президенти Дональд Трамп Орусия Украина менен болгон жаңжалды жөнгө салуу үчүн келишимге жетиши керектигин айтып, “эки тарап тең олуттуу жоготууларга учураганын” баса белгиледи. Бул тууралуу ал Францияда өтүп жаткан G7 саммитинин алкагында Катардын эмири Тамим бин Хамад Аль Тани менен жолугуш

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусия Украина менен болгон жаңжалды жөнгө салуу үчүн келишимге жетиши керектигин айтып, “эки тарап тең олуттуу жоготууларга учураганын” баса белгиледи. Бул тууралуу ал Францияда өтүп жаткан G7 саммитинин алкагында Катардын эмири Тамим бин Хамад Аль Тани менен жолугушууда билдирди Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленский менен мурда “абдан жакшы” жолукканын жана аны менен күндүз дагы сүйлөшүүнү пландап жатканын баса белгиледи. «Мына, Орусия келишим түзүшү керек, Орусия көп сандагы адамдарды жоготту, Украина дагы Өткөн айда алар 35 миң жоокерин жоготушту – бул бир айлык көрсөткүч. Орто эсеп менен алар 25 миңдей адамды жоготуп жатышат, негизинен аскерлер, жаш, сулуулар жана ал жерде болуп жаткан окуялар акылга сыйбаган нерсе», - деди Трамп Ал буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин менен кырдаалды талкуулаганын кошумчалады. «Бирок биз сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк, көрө жатарбыз... Мен президент Путин менен жекшемби күнү сүйлөштүм», - деди АКШ президенти. Трамп ошондой эле Орусия менен Украинанын лидерлеринин ортосунда “катуу кастык” бар экенин белгиледи


