Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Трамп Нетаньяхуга Иран менен согушса колдоо көрсөтпөй турганын эскертти

АКШ президенти Дональд Трамп Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга эгер Иран менен мамилени мындан ары да чыңалта берсе кесепеттери болушу мүмкүн экенин эскертти. Бул тууралуу ал израилдик N12 телеканалына курган маегинде айтты "Мен ага "Биби (Нетаньяхунун окуучу кезиндеги каймана аты – р

0 көрүүazattyk.org
Трамп Нетаньяхуга Иран менен согушса колдоо көрсөтпөй турганын эскертти
Paylaş:

АКШ президенти Дональд Трамп Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга эгер Иран менен мамилени мындан ары да чыңалта берсе кесепеттери болушу мүмкүн экенин эскертти. Бул тууралуу ал израилдик N12 телеканалына курган маегинде айтты "Мен ага "Биби (Нетаньяхунун окуучу кезиндеги каймана аты – ред.), сен өтө этият болушуң керек, анткени Иранга каршы жалгыз калышың тез эле" деп айттым, – деди Трамп АКШ президентинин айтымында, 7-июнда Нетаньяху менен телефондон сүйлөшүп аны Ирандын ракеталык соккуларына жооп бербөөгө чакырган. Бирок, көп өтпөй израилдик тарап Вашингтонду Иранга каршы операция даярдалып жатканы тууралуу маалымдаган "Израилдиктер бизге маалыматты эң акыркы учурда гана беришти. Иранды көздөй багыт алышканда эле билип, чабуулдун масштабын азайтып калууга жетиштик", — деди америкалык президент Трамп ошондой эле 8-июнда Ирандын өкүлдөрү ортомчулар аркылуу Израилге чабуулдарды токтотуу тууралуу убадасын беришкенин, алар израилдик жетекчиликке таасир этүүнү Вашингтондон суранганын кошумчалады 7-июнда Иран Израилдин аймагына сокку урган. Анын алдында израилдик армия ЦАХАЛ Ливандын борбору Бейруттун чет жагына чабуул койгон. 8-июнда Тегеран чабуулун токтотконун жарыялаган. Ал эми Израил Иран тарапка атпай турганын, бирок "Хезболлага" каршы операциясы улана берерин маалымдаган. (RK)

Kaynak: azattyk.org

Diğer Haberler