Трамп: Израиль Ливанга кол салган күндө да Иран менен келишим бузулбашы мүмкүн
АКШнын президенти Дональд Трамптын айтымында, Израиль Ливанга кол салган күндө да Иран менен келишим күчүндө кала берет Бул тууралуу Трамп Катардын эмири менен жолугушуусунда ага берилген суроого жооп берип жатып билдирди "Бул согуш (Ливан) кичинекей согуш. Ирандагы согуш чоң болгон", - деди Трамп

АКШнын президенти Дональд Трамптын айтымында, Израиль Ливанга кол салган күндө да Иран менен келишим күчүндө кала берет Бул тууралуу Трамп Катардын эмири менен жолугушуусунда ага берилген суроого жооп берип жатып билдирди "Бул согуш (Ливан) кичинекей согуш. Ирандагы согуш чоң болгон", - деди Трамп Келишим жарыялангандан бир аз мурда Трамп Израилдин Ливанга кол салуусуна нааразы экенине көңүл буруп : "Мен аларга (израилдиктерге) муну айттым. Бул мага жаккан жок, такыр жактырбады" АКШ лидери Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну Ливанга карата жоопкерчиликтүүрөөк болууга чакырды: "Эгер мен болбосом, азыр Израил жок болмок, анткени мен кылганды башка президент кылгысы келген эмес" Трамп Ливандагы көптөгөн адамдардын өлүмүнө нааразы болду. Ал Израилдин Хезболла менен согушу өтө узакка созулганын белгиледи "Бир адамды издеген сайын бүтүндөй бир имаратты кыйратуунун кереги жок. Анткени бул имараттарда көп адамдар бар жана алар "Хезболланын" мүчөлөрү эмес. Мен Израилге Хизболла менен Сирияга кам көрүшүн айттым. Мен сириялыктар Хизболла менен дагы ийгиликтүү күрөшөт деп ойлойм"


