Трамп "Ислам мамлекети" террордук тобунун лидери жок кылынганын билдирди
АКШнын президенти Дональд Трамп Америка жана Нигериянын биргелешкен операцияларынын натыйжасында өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук топтун лидерлеринин бири Абу Биляля аль-Майнуки жок кылынганын билдирди Трамптын айтымында, аль-Майнуки "дүйнөдөгү эң жигердүү террорист" жана экстремистт

АКШнын президенти Дональд Трамп Америка жана Нигериянын биргелешкен операцияларынын натыйжасында өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук топтун лидерлеринин бири Абу Биляля аль-Майнуки жок кылынганын билдирди Трамптын айтымында, аль-Майнуки "дүйнөдөгү эң жигердүү террорист" жана экстремисттик топтун экинчи адамы болгон "Ал Африкада жашырынып жүрөм деп ойлогон, бирок биздин маалымат берип турган булактарыбыз бар экенин билген эмес. Ал мындан ары Африка элдерин террор кыла албайт, америкалыктарга каршы операцияларды пландаштырууга жардам бере албайт", — деп жазды АКШ президенти Трамп операция кайсы жерде жана качан өткөнүн тактаган жок, бирок аль-Майнуки жок кылынгандан кийин аталган террордук топтун иши кыйла алсырай түшкөнүн айтып, кызматташтык үчүн Нигерия бийлигине ыраазычылык билдирди АКШ аль-Майнукиге каршы 2023-жылы санкция салган Нигериянын түндүк жана түндүк-чыгыш аймактарында "ИМ" террордук тобуна жана «Аль-Каида» террордук кыймылына байланышкан топтор, анын ичинде «Боко Харам» уюму иш алып барат. 2025-жылдын декабрында АКШ буга чейин эле өлкөдөгү исламчылардын объектилерине сокку урган, андан кийин регионго Нигерия армиясын колдоо үчүн учкучсуз учуучу аппараттарды жана болжол менен 200 аскер кызматкерин жөнөткөн

