Трамп Иран менен келишимге кол коюлганын жарыялады
Иран менен АКШнын ортосунда согуштук аракеттерди токтотуу жөнүндө келишимге кол коюлду. Документтин тексти жума күнү Женевада расмий бекитилгенден кийин жарыяланат. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп Франциянын Эвиан-ле-Бен шаарында президент Эммануэль Макрон менен жолугушууда билдирди. Ак

Иран менен АКШнын ортосунда согуштук аракеттерди токтотуу жөнүндө келишимге кол коюлду. Документтин тексти жума күнү Женевада расмий бекитилгенден кийин жарыяланат. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп Франциянын Эвиан-ле-Бен шаарында президент Эммануэль Макрон менен жолугушууда билдирди. Ак үйдүн башчысы бул жерге “Чоң жетиликтин” саммитине катышуу үчүн барган. Ошол эле учурда Трамп жума күнү Ормуз кысыгы толук ачыла турганын айтты. Ал эми Женевадагы кол коюу аземине барабы же жокпу азырынча белгисиз экенин айтты Дональд Трамп, Америка Кошмо Штаттарынын президенти: Трамп Франциядагы G7 саммитине катышат. Ага АКШ президенти менен бирге Улуу Британия, Франция, Канада, Германия, Италия, Япония жана Евробиримдиктин лидерлери келишкен. Анда Жакынкы Чыгыш жана Украинадагы согуш маселелери талкууланат. Акыры, катышуучу мамлекеттер салтка айланган жыйынтыктоочу декларацияны кабыл алышпайт. Анын ордуна конкреттүү темалар боюнча макулдашууга жетишүү каралган


