Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Трамп Иран мунасага келбесе, "алда канча күчтүү сокку уруларын" эскертти

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Тегеран тынчтык келишимине макул болбосо, Иранга каршы соккулар “алда канча күчтүү жана масштабдуу” болорун эскертти Маалыматтарга караганда, азыр тараптар макулдашуу түзүүгө жакындап калышты АКШнын бир катар маалымат каражаттары, анын ичинде Axios 6-май к

0 көрүүazattyk.org
Трамп Иран мунасага келбесе, "алда канча күчтүү сокку уруларын" эскертти
Paylaş:

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Тегеран тынчтык келишимине макул болбосо, Иранга каршы соккулар “алда канча күчтүү жана масштабдуу” болорун эскертти Маалыматтарга караганда, азыр тараптар макулдашуу түзүүгө жакындап калышты АКШнын бир катар маалымат каражаттары, анын ичинде Axios 6-май күнү Вашингтон менен Тегеран жакын арада Перс булуңундагы согушту токтотуу боюнча меморандум кабыл алышы ыктымал экенин жазышты Axios басылмасынын маалыматына ылайык, келишимде Иран уран байытууну убактылуу токтотууга макул болот. Өз кезегинде АКШ санкцияларды жеңилдетип, Ирандын камактагы миллиарддаган долларларын бошотууга макулдук берет Мындан тышкары, эки тарап Ормуз кысыгы аркылуу өткөн кемелерге байланыштуу чектөөлөрдү да алып салууну караштырып жатканы айтылууда Трамп социалдык тармактагы билдирүүсүндө келишим түзүүгө жакындап калганын кыйыр түрдө ырастагандай болду, бирок так маалымат айткан жок “Эгер макул болбосо, анда бомбалоо башталат. Тилекке каршы, ал мурдагыдан да күчтүү жана масштабдуу болот”, — деди Трамп Америка лидери бул билдирүүсүнөн бир нече саат мурун “Эркиндик долбоору” деп аталган операция “кыска мөөнөткө токтотуларын” жарыялаган Ал бул кадамга Иран өкүлдөрү менен “толук жана акыркы келишимге жетүү жолунда чоң жылыш” болгонуна байланыштуу барганын түшүндүргөн АКШ “Эркиндик долбоору” операциясын Иран жаап салган Ормуз кысыгы аркылуу соода кемелеринин кыймылын калыбына келтирүү үчүн баштаган Кысыктагы чектөөлөрдөн улам миңдеген кемелер эки тарапта тең апталап кармалып, дүйнөлүк экономикага таасир тийгизүүдө Иран Ормуз кысыгын бөгөттөп, Тегерандын уруксаты жок өтүүгө аракет кылган кемелерге сокку уруларын эскерткен Бул чара АКШ менен Израилдин 28-февралда башталган аскердик операциясына жооп катары кабыл алынган

Kaynak: azattyk.org

Diğer Haberler