Трамп Макронду 100% тарифтер менен коркутат
АКШнын президенти Дональд Трамп эгер Париж америкалык технологиялык компанияларга санариптик салыктан баш тартпаса, француз шарабы менен шампанына 100% салык салууга даяр экенин билдирди "Мен Франциянын президенти (Эммануэль) Макрондон америкалык компанияларга салык салбоону сурандым. Эгер алар уш

АКШнын президенти Дональд Трамп эгер Париж америкалык технологиялык компанияларга санариптик салыктан баш тартпаса, француз шарабы менен шампанына 100% салык салууга даяр экенин билдирди "Мен Франциянын президенти (Эммануэль) Макрондон америкалык компанияларга салык салбоону сурандым. Эгер алар ушундай кылышса, анда мен Франциядан келген бардык шампандарга, шараптарга 100% салык салуудан башка аргам жок болот", - деди Ак үйдүн башчысы The New York Post гезитине Гезит Трамптын бул коркутуулары Франциянын Эвиан-ле-Бенде боло турган G7 саммитинин фонунда жасалганын белгилейт Кошумчалай кетсек, АКШ президентинин бул сөздөрү өткөн аптада Макрондун кеңсесинин Вашингтон менен Париж америкалык компанияларга салык салуу боюнча пикир келишпестиктерди чечкени тууралуу билдирүүлөрүн жокко чыгарат The New York Post Франция технологиялык компанияларга салыкты 2019-жылы киргизгенин, атап айтканда, ал Amazon сыяктуу америкалык компаниялардын жергиликтүү кирешелерине тиешелүү деп жазат


