Трамп: АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрү алдыдагы эки күндө кайра жанданышы мүмкүн
АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөр жакынкы эки күндө жанданышы мүмкүн Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп "The New York Post" гезитине берген маегинде билдиргенин "Report" жазды Ал Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасы жакынкы аралыкта Исламабадда

АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөр жакынкы эки күндө жанданышы мүмкүн Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп "The New York Post" гезитине берген маегинде билдиргенин "Report" жазды Ал Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасы жакынкы аралыкта Исламабадда өтүшү ыктымалдыгы жогору болгондуктан, чет элдик маалымат каражаттарынын журналисттерин ошол жерде калууга үндөдү "Силердин ал жерде калууңар максатка ылайык, анткени жакынкы эки күндүн ичинде бир нерсе болушу мүмкүн жана биз сүйлөшүүлөрдү ошол жерде өткөрүүгө көбүрөөк ыктайбыз", - деди Трамп журналисттерге АКШ лидери Пакистандын аскерий жетекчилигинин, өзгөчө фельдмаршал Асим Мунирдин ролунун аркасында сүйлөшүүлөрдүн Пакистандын борборунда уланып кетүү ыктымалдуулугу жогору экенин белгилеп: "Бул дагы ишеничтүү, эмне үчүн экенин билесизби? Анткени фельдмаршал чоң иш жасап жатат",- деди Трамп ошондой эле бул маселеге тиешеси жок өлкөдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү туура эмес экенин баса белгиледи Аларды колдонууда сайттагы материалдарга кайрылуу маанилүү. Веб-баракчаларда маалымат колдонулганда, гипершилтеме менен шилтеме милдеттүү болуп саналат


