Ташкенттеги бардык курулуш объектилерине жаңы талаптар киргизилүүдө
Ташкенттеги бардык курулуш объектилерине жаңы талаптар киргизилүүдө. Бул тууралуу борбор калаанын басма сөз кызматы билдирди 3-июнда өткөн диалогдо шаар мэри Шавкат Умурзаковдун курулуш объектилерине экологиялык нормаларды киргизүү, экологиялык абалды жакшыртуу жана курулуш объектилерин бирдиктүү т

Ташкенттеги бардык курулуш объектилерине жаңы талаптар киргизилүүдө. Бул тууралуу борбор калаанын басма сөз кызматы билдирди 3-июнда өткөн диалогдо шаар мэри Шавкат Умурзаковдун курулуш объектилерине экологиялык нормаларды киргизүү, экологиялык абалды жакшыртуу жана курулуш объектилерин бирдиктүү тартиптин негизинде уюштуруу боюнча токтомунун аткарылышын камсыздоого багытталган инновациялык жана үлгүлүү долбоор сунушталды Ага ылайык, курулуш объектилери сыртынан атайын тосмолор менен курчалып, объектинин паспорту орнотулат жана анда бардык керектүү маалыматтар илинип, жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн коргоочу кол чатырлар уюштурулат Ошондой эле курулуш объектилеринин периметри боюнча микроклимат түзүү системалары, суу чачыраткычтар жана диспенсерлор орнотулат. Курулуш процесстерин тынымсыз көзөмөлдөө үчүн видеокөзөмөл камералары орнотулуп, курулушту көзөмөлдөө инспекциясынын тутумуна киргизилген Мындан тышкары экологиялык датчиктерди, түнкү мониторинг жүргүзүүчү приборлорду, артезиан суу скважиналарын, унаа жуучу жайларды жана автоматтык электр эсептегичтерин ишке киргизүү пландалууда. Шаардын көчөлөрүн таза калтыруу үчүн курулуш техникалары талап кылынат Жаңы тартиптин мазмуну жана талаптары тууралуу Ташкент шаардык курулуш көзөмөл инспекциясынын башчысы Сирожиддин Эшкаковов кеңири маалымат берди. Бул талаптарды ишке ашыруу үчүн борбор калаадагы 1700гө жакын курулуш объектилерине белгилүү мөөнөт берилерин айтты Ташкенттин мэри долбоорду жакшыртуу боюнча бардык конструктивдүү сунуштарга ачык экенин, айтылган пикирлердин негизинде керектүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө болоорун белгиледи


