Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү
Президент Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы алдында Казакстандын Коопсуздук кеңешинин жыйыны өттү. Өкмөт мүчөлөрү космос тармагынын абалы, ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана аны өнүктүрүүнүн келечеги тууралуу маалымат беришти, деп билдирди Акорданын басма сөз кызматы Мамлекет башчысы өз сөзүндө

Президент Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы алдында Казакстандын Коопсуздук кеңешинин жыйыны өттү. Өкмөт мүчөлөрү космос тармагынын абалы, ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана аны өнүктүрүүнүн келечеги тууралуу маалымат беришти, деп билдирди Акорданын басма сөз кызматы Мамлекет башчысы өз сөзүндө космос тармагынын стратегиялык маанисин белгилеп, спутниктик байланыштын жана космостук инфраструктуранын туруктуу иштешин камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурду Вице-премьер-министр – Жасалма интеллект жана санариптик өнүктүрүү министри Жаслан Мадиев экономиканын жана мамлекеттик башкаруунун кызыкчылыгында спутниктик системаларды өнүктүрүүгө, космостук инфраструктураны жакшыртууга жана космостук маалыматтарга негизделген колдонмо чечимдерди ишке киргизүүгө багытталган космос тармагынын негизги долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берди "Касым-Жомарт Токаев глобалдык космос тармагында фундаменталдуу өзгөрүүлөр болуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, космостук ишмердүүлүк улуу державалардын "жабык клубунун" домени болгон доор өткөндө калды. Бүгүнкү күндө жеке компаниялар прикладдык тармактарды, анын ичинде байланыш, телерадиоберүү, навигация, космостук мониторинг, илимий изилдөөлөрдү жана интернетке кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууну колго алып, жигердүү өнүктүрүүдө" Космос илиминин енугушу женунде ез алдынча кеп болду. Илимий изилдөөлөрдү, анын ичинде астрофизика тармагында мындан ары да колдоо көрсөтүүнүн зарылдыгы белгиленди. Улуттук технологиялык жана инженердик потенциалды чыңдоодо маанилүү этап болуп калган «Байтерек» долбоорун ишке ашыруу оң бааланды Мамлекет башчысы ошондой эле эл аралык кызматташтыктын келечегине токтолуп, Россия Федерациясы жана башка чет өлкөлүк өнөктөштөр менен стратегиялык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү зарылчылыгын белгиледи. Байконир шаарында жана ага жакын аймактарда жашаган жарандардын социалдык-турмуштук шарттарын жакшыртуунун маанилүүлүгү баса белгиленди Кеңешменин жыйынтыгында өкмөткө космос тармагын модернизациялоого жана анын потенциалын мамлекеттин кызыкчылыгында пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган бир катар конкреттүү тапшырмалар берилди Informburo.kz сайтынан тиешелүү темадагы жаңылыктар жана материалдар


