Токаев Трампты туулган күнү менен куттуктады
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев АКШнын президенти Дональд Трампты туулган күнү менен куттуктады, деп билдирди Акорданын басма сөз кызматы Мамлекет башчысы АКШнын президентине куттуктоо телеграммасын жөнөттү. Токаев өз кайрылуусунда Казакстандын АКШ менен кеңейтилген стратегиялык өнөктө

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев АКШнын президенти Дональд Трампты туулган күнү менен куттуктады, деп билдирди Акорданын басма сөз кызматы Мамлекет башчысы АКШнын президентине куттуктоо телеграммасын жөнөттү. Токаев өз кайрылуусунда Казакстандын АКШ менен кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө умтулуусун ырастады Акорда Казакстандын Президенти ошондой эле саясий диалогдун жогорку деңгээлин жана эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыктын динамикалуу өнүгүп жатканын белгиледи Токаев Казакстандын тынчтыкты, өз ара түшүнүшүүнү жана туруктуу өнүгүүнү чыңдоого багытталган демилгелерди илгерилетүү үчүн биргелешип иштөөнү улантууга даяр экенин баса белгиледи «Касым-Жомарт Токаев Дональд Трампка бакубатчылык жана Америка элинин жыргалчылыгы үчүн жооптуу мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди каалады», - деп кошумчалады Акорда Буга чейин Курсив Касым-Жомарт Токаев АКШнын атайын чабарманы Сержио Гор менен жолугушууда Дональд Трампка чын жүрөктөн урмат-сый сөздөрүн айтып, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырастаганын билдирген


