Токаев жасалма интеллектти мектеп билимине киргизүүнү буйруду
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев орто билим берүү системасына жасалма интеллект киргизүү чаралары тууралуу жарлыкка кол койгонун Акорданын басма сөз кызматы билдирди Документ мектептик билим берүүнү жасалма интеллекттин тез өнүгүү шарттарына ылайыкташтырууга багытталган. Акорда жарлыкты

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев орто билим берүү системасына жасалма интеллект киргизүү чаралары тууралуу жарлыкка кол койгонун Акорданын басма сөз кызматы билдирди Документ мектептик билим берүүнү жасалма интеллекттин тез өнүгүү шарттарына ылайыкташтырууга багытталган. Акорда жарлыктын максаты адамдык капиталды өнүктүрүүнүн негизги элементтеринин бири болууга тийиш болгон заманбап инновациялык билим берүү системасын түзүү экенин белгиледи Өкмөткө 2026-жылдын 1-июлуна чейин 2026-2029-жылдарга комплекстүү иш-чаралардын планын бекитүү тапшырылды. Анда орто билим берүү тармагына жасалма интеллект технологияларын кеңири жайылтуу, персоналдаштырылган окутуу моделин өнүктүрүү, санариптик инфраструктураны чыңдоо, мугалимдерди окутуу жана окуучулардын жеке маалыматтарын коргоо каралган Жарлыктын өзүнчө блогу Жасалма интеллектти өнүктүрүү боюнча кеңештин мүчөсү Ли Кай Фунун сунуштарына байланыштуу. Өкмөт 2026-жылдын 1-июнуна чейин орто билим берүү тармагында пилоттук долбоорду ишке ашыруу боюнча сунуштарды кийинчерээк масштабдоо менен киргизүүсү керек. Акорданын айтымында, бул чаралар шаар менен айыл мектептеринин ортосундагы билим сапатындагы ажырымды кыскартууга жардам бериши керек 2026-жылдын 1-августуна чейин пилоттук долбоордун алкагында мектептерди керектүү техникалык жабдуулар, анын ичинде туруктуу жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыз кылуу пландаштырылууда. 2026-жылдын 1-сентябрына карата орто билим берүү системасында жасалма интеллектти колдонуу стандарттары бекитилиши керек Ошондой эле, 2026-жылдын 1-сентябрына карата бийлик мугалимдердин кесипкөйлүгүн үзгүлтүксүз жогорулатуу планын кабыл алууну көздөөдө. Акорда жасалма интеллект технологиялары мугалимдердин кесиптик ишмердүүлүгүн алмаштырбастан, окуу процессинде кошумча курал катары колдонулушу керектигин баса белгиледи


